Menu

Кордай окуясы: Прокурор айыпталуучуларга 18 жылга чейин жаза сурады

Бөлүшүү:

Кордайдагы улут аралык жаңжалга байланыштуу Таразда өтүп жаткан сотто жарыш сөз башталды. 13-апрелде прокурор айыпталуучулардын айрымдарын 18-20 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады.

– Айырма өтө чоң: 2 жыл шарттуу жазадан башталып, 18-20 жылга чейин түрмөгө камоону сурады. Бир сөз менен жеткирүү кыйын,– деди айыпталуучулардын биринин адвокаты Болат Омаров.

Мындан бир күн мурун Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын төрагасы Хусей Дауров прокурордун айыпталуучуларга “адилетсиз” жаза сураганын айтып, нааразылыгын билдирген. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына “ок менен ташка туруштук берип, айылын жана үй-бүлөсүн коргогондорго” прокурор 5-18 жыл түрмө жазасын сураганын, ал эми “Казакстан тарыхындагы эң ири улут аралык жаңжалды тутундыргандарга” 2 жылдан жогору шартуу жаза суралганын жазган.

“Эгер сот прокурордун айыптоосунун негизинде өкүм чыгарса, биздин келечегибиз болбойт”, – деген Дауров.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда былтыр 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга кире качышкан.

Жалпысынан окуя боюнча 51 адам камалган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: