Menu

Түркмөнстанда прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин оорукананын башкы дарыгери өз жанын кыюуга аракет кылды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облустук ооруканасынын башкы дарыгери прокуратура кызматкерлеринин текшерүүсүнөн кийин өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, башкы дарыгер 10-мартка караган түнү үйүнүн жер төлөсүндө асынып алып, оор абалда өзү иштеген ооруканага жеткирилген. Азыр аны абалы оор деп бааланууда.

Өз булактардын маалыматына караганда, бул окуяга чейин прокуратура кызматкерлери ооруканада бир катар мыйзам бузууларды, анын ичинде ири өлчөмдө акча уурдоо фактысын аныктап, аларга башкы дарыгердин тиешеси бар экени айтылган.

Буга чейин өткөн жылдын аягынан бери Түркмөнстандагы мамлекеттик мекемелер менен өндүрүш ишканаларында ири текшерүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Бул текшерүүлөрдүн алкагында айрым ишканалардын, ошондой эле күч түзүм мекемелериндеги бир катар жетекчилер камакка алынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: