Menu

Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын 5 миң сомго сатып жүргөндөр кармалды

Бөлүшүү:

Таласта милиция кызматкерлери ПЧР анализдин жасалма кылып сатып жүргөндөрдү кармашты. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Талас ОИИБнин милиция кызматкерлерине Талас шаарынын тургуну 2020-жылдан бери, Казакстан Республикасына өтүү үчүн, адамдарга мыйзамсыз ар кандай документтерди жасап сатып жүргөн  деген маалымат келип түшкөн.

Маалымат ар тараптан текшерилип, ага тиешелүү процессуалдык аракеттер аткарылган. Анын негизинде 4-март күнү Талас шаарынан 1974-жылы туулган Р.Ф. аттуу аял кармалган. Ал  ПЧР тесттин справкасын жана “төлөндү” деген квитанциясын берип, ал кызматы үчүн  5000 (беш миң) сом акысын алып кетип бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Шектүү Р.Фге ПЧР тесттерин жана ага тиркелген квитанцияларын жасап берип турган Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну  1992-ж.т., Д уулу А. аттуу жаран кармалган. Иликтөө учурунда бири кардарларды таап, бири анализ менен квитанцияны жасап 500 сомдон бөлүп алып жүрүшкөн.

Аталган факты Талас ОИИБнин Кылмыштардын Жоруктардын Бирдиктүү Реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-ст. (документтерди жасалмалоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Азыркы  учурда  жазык иши боюнча тийиштүү экспертизалары дайындалып тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жарандар тергөөдө беришүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: