Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору Эрмек Өмүралиев кармалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Такталгандай, Эрмек Өмүралиев буга чейин транспорт милициясы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча фигурант катары өтүп жатат.
Мындан тышкары, Жарандык авиация агенттигинин кызматкери Алымбай Абакиров дагы кармалган. Эрмек Өмүралиев буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору болуп иштеген.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура кыргыз Транспорт прокуратурасы менен биргеликте “Манас Менеджмент Компани” ЖЧКнын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүүнүн туруктуу, системалуу схемасын аныкташкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ