Menu

Түркмөнстанда «Элдик ит багаар» сыйлыгы негизделди

Бөлүшүү:

Түркмөнстан парламенти «Эмгек сиңирген ит багаар» менен «Элдик ит багаар» сыйлыгын негиздөө жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу «Эркин Европанын” түркмөн кызматы билдирди.

Депутаттар сыйлык негиздөөнү «улуттук тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча» президент Гурбангулы Бердымухаммедов көрүп аткан аракеттер менен байланыштырышты. Маалыматка караганда, президент ит багаарларга ыйгарыла турган эн белгилерди жана «Жылдын эр жүрөк түркмөн алабайы» сынагынын жеңүүчүсүнө бериле турган медалды жеке өзү сындан өткөргөн. Ит сынагы өлкөдө быйыл биринчи жолу өткөрүлөт.

Мамлекеттик ММКлар Бердымухамедовду алабайды сүйүүчү жана аны таптоонун сырларын билген киши катары пропагандалоону улантышууда. Алардын пикиринде, президенттин «Түркмөн алабайы» китеби калктын жашоосунда өтө маанилүү ролго ээ.

2020-жылдын ноябрында Бердымухамедов Ашхабадда алабайдын алтын жалатылган эстелигин салтанаттуу түрдө ачып берген. Эстеликтин астына Led-монитор орнотулуп, алабай породасындагы иттер катышкан видеороликтер көрсөтүлгөн.

Бул арада муниципалдык бийлик жолбун иттерди жана мышыктарды жапырт түрдө жок кылууну улантууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: