Menu

Өзбекстанга AstraZeneca вакцинасынын 660 миң дозасы жеткирилди

Бөлүшүү:

17-мартта Индиядан Ташкентке коронавируска каршы COVISHIELD вакцинасынын 660 миң дозасы жеткирилди. Өзбекстан бул каражаттарды COVAX программасынын алкагында бекер алды.

ЮНИСЕФ тарабынан берилген вакцинанын жалпы баасы 1,98 миллион долларды түзөт.

Расмий билдирүүдө COVISHIELD индиялык өндүрүүчүлөр AstraZeneca вакцинасына берген аталыш экени көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин AstraZeneca менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгонуна байланыштуу Дания, Норвегия, Исландия, Италия, Германия, Франция, Испания жана Болгария аталган вакцинаны колдонууну убактылуу токтотушкан.

COVAX программасы жакыр мамлекеттерге COVID-19га каршы вакциналарды бекер берүү үчүн түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча бул программанын алкагында Өзбекстан 2021-жылы AstraZeneca вакцинасынын 2,64 миллон дозасын алат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: