Сокулук районунда үйлөнүү үлпөт тоюна барган соң ууланууга 70тен ашуун адам кайрылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн Чүй облустук борборунун башкы дарыгери Улукбек Бектурганов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 16 адам Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда. «Ооруканага жаткырылгандардын абалы туруктуу, аларды эртең же бүрсүгүнү чыгаруу пландалууда», – деди ал.
Улукбек Бектурганов кошумчалагандай, тойго баргандардын бары ооруканага кайрыла элек, ошондой эле алар алып кеткен тамак-аштары менен туугандарына дагы ооз тийгишишти.
«Кафенин кызматкерлерине техникалык регламенттердин талаптарын, санитардык эрежелерди, гигиена стандарттарын жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн үч протокол түзүлдү. Бул үчүн 7500 сом айып салынат», – деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кафедеги үлпөт той учурунда адамдар ууланган деп билдирген. Бул факт катталып, сотко чейинки процесстер башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ