Menu

ИИМ кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерин так аткарууда

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо милициянын приоритеттүү багыттарынын бири экендигин маалымдайт.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш көзөмөлдө  жана алар
менен күрөшүүгө каражаттар жетиштүү.

Ишкерлер өз ишмердүүлүгүнүн жетиштүү деңгээлде корголгонун билиш керек. Ички иштер министрлиги ишкерликти коргоого жана ыңгайлуу шартты түзүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди жумшоодо.

Ишкерлер өзгөчө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын криминалитеттен коргош үчүн  укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү  менен тыгыз мамиле болуулары керек.

Ички иштер министрлиги  укуктук тартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин жүргүзүүнү улантууда. Инсандын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү багыт болуп саналат.

2020-жылдын жанан 2021-жылдын 2 ай ичинде  ички иштер органдары уюшкан кылмыштуулуктун 200дөн ашык субьектисин кармашкан. Алар ар кандай кылмыштарды жасоого шектелгендер жана издөөдө жүргөндөр.  Кармалгандардын арасында 10дон ашыгы криминалдык чөйрөдө жогорку статуска ээ.

2020-жылы 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча укукка каршы аракеттерге тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 22 адам кармалган. Укук коргоо органдары инвестицияларды тартуу үчүн ишкерликти жана иштик климатты өнүктүрүүнү жакшыртууга түрткөн экономикалык коопсуздук максатында бардык күч-аракеттерди жумшайт.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ишкерлерге криминалдык түзүлүштөр тарабынан коркутуулар, опузалап талап кылуулар боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну сунуштайт. ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын телефону-0312 26-60-11, 0708 80-08-80.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: