Бүгүн, 18-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 98 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 49, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 36, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 143 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 51 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 031ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 24, Чүй облусунан – 17, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1485ке жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ