Menu

Казакстан «Спутник V» вакцинасын Орусиядан мурдагы баада сатып алууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Орусиянын «Спутник V» вакцинасын буга чейин келишилген баада сатып алууда. Бул тууралуу 17-мартта мекеме башчысынын орун басары Ерлан Киясов билдирди.

Февраль айында Орусияда аталган вакцинанын баасы төмөндөтүлгөнү кабарланган.

«Келишимдер мурда макулдашкан баалар менен түзүлгөн. Орусиянын өкмөтү «Спутник V’нын» баасын өлкө ичинде гана төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Сыртка сатыла турган вакцинаны арзандатуу каралган эмес. Бирок биз үчүн да баалар өзгөрөт деген үмүт бар», — деди Киясов.

Бүгүнкү күндө Казакстанды дары-дармек менен камсыздаган «СК-Фармация» ишканасы Караганда фармацевтикалык комплексинде чыгарылган «Спутник V» вакцинасын 26 доллардан (10 868 теңге) сатып алууда. Буга чейин Казакстан Орусияда чыккан вакцинаны да ушундай эле баада алары кабарланган.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнгө карата Казакстанда «Спутник V» вакцинасынын биринчи компоненти менен 83 миң, экинчи компоненти менен 19 миң киши эмделди.

Казакстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен жапырт эмдөө иши быйыл 1-февралда башталган. Өлкө бийлиги вакцина сатып алуу жана өндүрүү үчүн 17 миллиард теңге бөлүү ниетин билдирген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: