Menu

Таякесинен жабыркаган баланы апасы Орусияга алып кетет

Бөлүшүү:

Бишкекте таякесинен жабыркаганы кабарланган баланы апасы Орусияга алып кетмей болду. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова кабарлады:

—Апасы Москвада репетитор болуп иштейт экен. Батирди ижарага алып жашайт. Ал баласын Жаңы жыл майрамына чейин эле алып кетүүнү пландаштырган. Бирок ооруп калган соң убакыт создугуп кеткен. Биринчи май районунун акимчилигинин алдындагы балдар комиссиясы атайын жыйын өткөрүп, баланын тагдырын чечет.

Эсиңиздерде болсо, жакында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталган. Өспүрүм ооруканада дарыланып чыкты. Ага психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Бишкек милициясынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү соттун чечими менен камактан тилкат аркылуу бошотулган.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: