2019-жылдын 27-майында Россия Федерациясынан Москва шаарынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 6 айдан 1,5 жашка чейинки 6 бала Кыргыз Республикасына кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.
Балдардын кайтарылышы Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Кыргыз Республикасынын аймагына келиши менен кайтарылган балдардын ичинен 1 бала тууганчылык байланышы бар үй-бүлөгө жайгаштырылган.
Ал эми калган балдар боюнча, Министрлик тарабынан алардын биологиялык үй-бүлөлөрү менен кайта биригүүсү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Министрликтин маалыматы боюнча 2011-жылдан бери Мекенине 98 ата-энесинин көзөмөлчүлүгү жок калган бала, анын ичинен 2018-жылы -16, 2019-жылы – 6 бала кайтарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ