Кечээ, 17-мартта Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев “DK Travels & Tours” туристтик компаниясынын директору Дилавар Хан мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.
“DK Travels & Tours” компаниясынын өкүлү жакынкы аралыкта туристтик потенциалды изилдөө максатында Кыргыз Республикасына келүү ниетин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ