Menu

Орусия АКШдагы элчисин чакыртып алды

Бөлүшүү:

Орусия АКШдагы элчисин Вашингтон менен алакасы боюнча кеңешүү үчүн чакыртып алды.

Бул тууралуу орус Тышкы иштер министрлиги 17-мартта билдирүү таратты. Анда “Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов АКШ менен алаканы кандай кылуу керек жана кайсы багытта өнүгүшүн талдоо максатында Москвага консультацияга чакырылды”, – деп айтылат.

Билдирүүдө орус тарап мамилени “кайра оңдолгус абалга” жеткирбөөгө кызыкдар экени белгиленген.

Расмий Москва бул чечимди АКШнын президенти Жо Байден Владимир Путиндин дарегине катуу сын айткандан кийин кабыл алган.

7-мартта Байден “ABC News” каналына берген интервьюсунда журналисттин “Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын билдирген.

Буга кошумча 17-мартта АКШ камакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга байланыштуу Орусияга карата санкцияларын кеңейтерин жарыялады.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: