Мамытов Нурлан Токтобекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратыны басма сөз кызматы билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ