Бүгүн, 4-декабрда Рита Карасартова кечээ отурган жаңы кызматына кандайча барып калганынын себебин видео аркылуу түшүндүрдү. Анда ал бийлик тараптан буга чейин да бир кызмат сунушталып, ага тажрыйбасы жок болгондуктан, андан баш тартып койгондугун, азыркы кызмат бийлик тараптан үчүнчү жолу сунушталганын, аны да оңой кабыл алалбай, ойлонуп атып барганын айтыптыр. “Бул кызмат менен менин оозумду жабып коюу болуп жатабы?”,-деген да суроону өзүнө койгонун да жашырбаптыр. Аны өз оозунан угам десеңиз, анда төмөндөгү видеону көрүңүз:
Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган. Бүгүн, 4-декабрда ЖК депутаты Евгения Строкова Рита Карасартованын кызматка барганына нааразычылыгын парламентте билдирип, аны «бүлдүргүч, бузуку» деп атады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ