7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Буйрукка 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI « 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.
Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.
7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын
Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы
Разаков Жеңиш Парпиевич | – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; |
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Талант Турдумаматович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Субанбеков Бакирдин Жамалович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шайназаров Тынчтык Урайимович | – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Араев Азамат
Муратович |
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич | – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Саккараев Марс Намарбекович | – Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович | – Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Медетбеков Артур Капарович | – “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исаков Исмаил
Исакович |
– коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Кожоналиев Кубатбек Азатович | – коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Турсунбек Акун | – коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Мамасалиев Алишер Тургунбаевич | – эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ