Menu

Өзбекстанда мажбурлап иштетүү үчүн айыппул он эсе көбөйтүлдү

Бөлүшүү:

Өзбекстан парламенти адамдарды мажбурлап иштетүү үчүн каралган айыппул өлчөмүн көбөйттү.

Өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми жарандарды мажбурлап иштеткен адамдарга 10дон 30га чейинки эң аз айлык өлчөмүндө айыппул салынат. Эгерде мажбурлап иштетүү көрүнүшү экинчи жолу кайталаса, анда 30дан 100гө чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндө айыппул төлөөгө туура келет.

Өзгөртүүлөргө чейин бирден үчкө чейинки эң аз айлык өлчөмүндө айыппул салынып келген.

Жаңы мыйзамга ылайык, балдарды мажбурлап иштеткендер алгач 30-50, экинчи жолу кайталанса 50-100 минималдык айлык акы өлчөмүндө айыппул төлөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: