Бүгүн, 19-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 96 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 43, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 35, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облуунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 239 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 53 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 084кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 29, Чүй облусунан – 19, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облуунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1487ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ