“Кыргызстанда таза суу көйгөйү – бул улуттук деңгээлдеги көйгөйгө айланды. 2018-жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда 1 миллионго жакын кишиге таза суу жетпейт.Өлкөнүн элинин 40%ы сууну арыктан, каналдан, булактардан, дарыядан же ташып келип ичишет. Бул жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Улуттун генофондунун бузулушуна коркунуч жаратууда. Бул фактыларды Акыйкатчы да тастыктады”, – деп билдирди бүгүн, 28-февралда депутат Пархат Тулендыбаев парламенттин кезектеги отурумунда.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ