Menu

Өзбекстан менен Кыргызстан ГЭС курууга бирге макулдашышты

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстан Нарын дарыясына курулчу «Камбар-Ата-1» гидроэлектрстанциясына байланыштуу биргелешкен аракеттерин баштады.

Эки өлкө лидерлери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ГЭСти чогуу куруу боюнча келишимге кыргыз президенти Ташкентке барган учурда жетишкен.

Масштабдуу курулушка байланыштуу соңку маалыматты президент Садыр Жапаров өзү «Эркин Европа» радиосуна берген маегинде билдирип, кызматташуунун айрым деталдары менен бөлүшкөн.

Ал Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында Бишкек менен Ташкент Кыргызстанда «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу куруу тууралуу келишим түзүшкөнүн айткан.

«Биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу жөнүндө келишим түздүк. Азыр иш башталды. Кудай буюрса, «Камбар-Ата-1» ГЭСин үч жылдын ичинде куруп бүтүү боюнча максат койдук. Толук ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», – деди 15-мартта Садыр Жапаров.

Мамлекет башчыларынын биргелешкен басма сөз жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул жөнүндө учкай кеп салган:

«Суу пайдалануу жана энергетика тармактарында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн эки тарап тең даяр экени дагы да ырасталды. Биздин компаниялар Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерди куруу жана чогуу иштетүү жөнүндө долбоорлорду бирге иштеп жатышат. Бул өтө олуттуу, ири долбоорлор болот. Биз бул жөнүндө меморандумга эмес, биринчи жолу макулдашууга бардык. Бул биздин келишимдердин реалдуу далили болуп саналат. Эми биз бул иштер боюнча элибиздин алдында отчёт берип турушубуз керек», – деген Ташкентте өзбек лидери.

Ошентип Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтары менен Өзбекстандын энергетика министри Алишер Султанов жоон топ делегация менен Бишкекке келип кетти.

13-мартта ал Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен жолугушту. Министрлер анда «Камбар-Ата-1» долбоорун ишке ашыруу иш-аракеттеринин комплекстүү программасын иштеп чыгуу үчүн биргелешкен координациялык комитет түзүү боюнча протоколдук чечимге кол коюшту.

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Курамаев «Эркин Европага» буларды билдирди:

«Эми эки тараптуу координациялык кеңеш түзүлүп, алар июнь айына чейин өздөрүнүн сунуштарын беришет. Кызматташуунун форматы кандай болот, инвестиция кандай тартылат, ортодогу акциялар кандай бөлүнөт, Өзбекстандын катышуусу кандай болот, мына ушулар боюнча сунуштарды иштеп чыгышат. Сунуштар даяр болгондон кийин өкмөт аралык комиссия атайын токтом чыгарат. Ошол токтомдун негизинде долбоор бекитилет. Азырынча Өзбекстан тарап «Камбар-Ата-1» долбооруна кандайча катыша турганы тууралуу так маалымат жок».

Маалым болгондой, коңшу өлкөнү Ислам Каримов башкарып турган учурда Өзбекстан Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга караманча каршы чыгып келгени белгилүү. Ташкенттин позициясы бийлик башына 2016-жылы Шавкат Мирзиёев келгенден кийин өзгөргөн.

Мирзиёев 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекке келип, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда, тараптар биринчи жолу электр станциясын чогуу куруу жөнүндө сүйлөшкөн. Мирзиёев «Камбар-Ата-1» ГЭСин эки мамлекет чогуу курарын жарыялап, Атамбаев «Кыргызстанда бир да ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганы» тууралуу сөз бергенин айткан.

Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын 5-октябрында президент Алмазбек Атамбаев Ташкентке барган учурда да, 2017-жылдын 13-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барган учурда да бекемделген. Бирок кыргыз жергесиндеги саясий кризистерден улам бул жааттагы кызматташуулардын аягы көрүнбөй келген эле.

Планга ылайык «Камбар-Ата» ГЭСтер каскады Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Токтогул» ГЭСинен жогору жакка түшөт. Анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСи Нарын дарыясында азыркы курулуп жаткан «Камбар-Ата-2» ГЭСинен 14,5 чакырым өйдөрөөк жерге курулат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: