Menu

Фото – УКМК: Жогорку Кеңештин депутаты А.М.А. тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты «А.М.А» тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, «А.М.А.» саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ал кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир,  “Каприз” борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.

Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында “A.M.A.” аларды сатып алуудан мурун, ал тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.

Аталган «А.М.А.» 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда.

Учурда «А.М.А.» башка активдерин, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсү аныктоо иштери жүрүп жатат.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тизмесинде А.М.А. инициалы КСДП фракциясынын депутаты Аманкулов Марат Аскеровичке төп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: