«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы быйыл апрель айынан тартып Тажикстан борборуна ырааттуу каттамдарды көбөйтөт.
Расмий маалыматка караганда, 3-апрелден тартып Душанбеге аптасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү учак каттайт. Буга чейин ырааттуу каттам шаршемби сайын гана уюштурулуп келген.
Ташкент-Душанбе каттамдары жанданарын марттын ортосунда Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода билдирген.
Эки өлкө ортосундагы ырааттуу каттамдар былтыр 16-мартта коронавирус пандемиясынан улам токтотулган болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ