Menu

Мирзиёев тоо койнундагы “жашыруун” резиденциясы жөнүндө суроого жооп берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусундагы иш сапары учурунда Шоввозсой эс алуу аймагы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Мирзиёев ал мамлекеттик темир жол ишканасына таандык экенин, ал жерде эч ким жашабай турганын жана эч кимге берилбегенин билдирди.

«Ал мамлекеттик жер. Ага президенттин кандай тиешеси бар? Президент ал жакка Өзбекстанга пайда алып келе турган мартабалуу конок келсе гана барышы мүмкүн. Анан, президент беш жылда канча жолу эс алыптыр? Эмне үчүн ушундай суроо бербейсиңер?».

«Эркин Европа» 23-февралда жарыяланган иликтөөдө Ташкенттен 100 чакырым алыстыктагы Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиеёв үчүн курулаганы ашкере кылган. Бул жайдын курулушун мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы көзөмөлдөгөн.

Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай боюнча иликтөөдө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөгөн.

Бул компания 24-февралда расмий сайтына жарыялаган маалыматта Шоввозсой (Шаваз-Сай) тоо дарыясынын жээгиндеги жер тилкеси 2010-жылы ишканага “экосистеманы сактоо” максатында берилгени айтылат. Акыркы 10 жылда мамлекеттик бюджеттен тышкары 43 миллион долларга аталган аймакта эс алуу жайлары курулганы көрсөтүлгөн.

«Эркин Европа» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.

Резиденция делген жайдын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес.

Ар кайсы булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: