Каныбек Осмоналиевдин 27 студенттен 14 миң доллар алганы аныкталганын УКМК тастыктаган эле. Осмоналиев 2014-жылы Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетин жетектеп турганда Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студентти кабыл алуу боюнча аталган окуу жайдын ректоруна кат жазган. Мына ушул маселеде мыйзам бузуулар такталган. Бүгүнкү күндө ошол 27 студенттен жалпысынан 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталган.
Ошол кезде Билим берүү министри, азыр улуттук университетти жетектеп жаткан Канат Садыков эле. Ага дагы бул маселе боюнча кылмыш козголгон. Бирок ага козголгон кылмыш иши бул жолу жанданган жок. Болбосо ал дагы бул кылмыш ишинде башкы фигуранттардын бири экени айтылууда. Негизи жалпысынан 27 студентти окуу жайга өткөрүү боюнча маселеси менен жалпысынан 15 кишиге кылмыш козголуптур. Арасында Кыргыз-Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев да бар. Учурда 14 кишинин кылмыш иши кыскарып, жалгыз Осмоналиев суракка алынып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Баса, 27 студенттин 23чү мыйзам бузуулардан улам 1-курстан эле окуудан чыгарылганы айтылат. Укуругу узун УКМК эки ректордуда эске алгыла…
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ