Уссурийск шаарында Өзбекстандан келген коноктон 800 миң рубль талап кылган деп шектелгендер кармалганын күч түзүмдөрүндөгү булактарга шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сентябрь айынын аягында Федералдык коопсуздук кызматы опузалап акча талап кылуу жөнүндө кабардар болгон. Атайын кызмат эки адам 25 жаштагы эмгек мигрантын коркутуп, андан 800 миң рубль талап кылгандыгы тууралуу маалымат алган.
Мындан тышкары, жазында өзбек жараны кыргыз досунан 30 миң рубль карызга алгандыгы белгилүү болду. Ал акчаны бир айда 50 миң кайтарып бериши керек болчу, бирок бир жумадан кийин кредитор досу менен келип, коркутуп, карызын талап кылган.
Өзбек жараны убада кылган сумманы кайтарып берди. Бирок окуя ушуну менен эле токтоп калган жок, рэкеттер ири суммадагы акча талап кыла башташты. Коркутуулар бир нече ай бою уланды.
«Ошондуктан, жигит укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылууну чечти. Өз ишинин жүрүшүндө, ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны жана анын Өзбекстандан келген 24 жаштагы шериги кармалды. Аларга карата кылмыш иши козголду”, – деп жазат ММК.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ