Бүгүн, 29-июлда Жогорку сотто 7-апрель окуясы боюнча ишти кароо улантылды. Жогорку соттун төрага орун басары Качыке Эсеканов жетектеген коллегия бозгунда жүргөн Курманбек Бакиевге карата буга чейинки Аскер сотунун өкүмүн өзгөрттү. Ага ылайык Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарылып, 30 жылга абакка кесүү боюнча жаңы өкүм чыкты.
Мындан сырткары Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Мурат Суталинов, Данияр Дунганов, Элмурза Сатыбалдиевдерге Адам укугу боюнча конвенциянын 65 жылдыгына карата жарыяланган мунапысты колдонуу жокко чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ