Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуусу болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-августта, Ашхабад  шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери  менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.

Расмий жолугушуу  аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин  Мамлекет башчылары  «Огузхан» атындагы Түркмөнстандын  Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу  үчүн бет алышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: