УКМК коррупциялык фактыларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» Мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Ала-Арча» КМЖП балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда, 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.
Такталган боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ