Menu

Унааларды ижарага алып, качып жүргөн 31 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын декабрь айынын башында Ысык-Ата районунун ИИБнө 1995-жылы туулган Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Антон” аттуу чала тааныш бала анын ишенимине кирип, автоунаасын ижарага алып, ошол боюнча дайынсыз болуп кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча
катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандын автоунааларды арендага алып ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда экинчиси Аламудүн районунда орун алган. Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка автоунаага алмаштырып жибергени маалым болгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка аланып, анын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: