Menu

УКМК: Талас облустук музыкалык драма театрына музыкалык аппаратуралар жогорулатылган баада сатылып алынган

Бөлүшүү:

УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2- бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар иш жүзүндөгү баасын жогору баада бааланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Талас областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жогору кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен кабыл алынып, жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алышкан.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүү учурунда, сатылып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды.

Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: