Menu

Бишкектеги мейманканада ызы-чуу салган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта ИИМ басма сөз кызматы билдирли.

Алардын айтымында, 2021-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында укук бузуу фактысы катталып, Жоруктар Кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Белгисиз адам Бишкек шаарынын мейманканасына келип, жумушчуларды жана администратор кызды  оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, ал жерде иштеген жаранга кол көтөрүп сабап салган.

Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп 2021жылдын 11-мартында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (УБОП) кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1995 жылы туулган Ш.К. атту жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алынган маалымат боюнча кармалган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.

Азыркы кезде тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: