Menu

Кубанычбек Кулматовдун жарандыгын алуу, жазадан кутултуубу?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Кулматовго 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген жарлык тагылууда. Мамкаттоо буга негиз катары УКМКнын Кулматовго 1996-жылы паспортту негизсиз алган деген жүйө менен козгогон кылмыш ишинин алкагында Биринчи май райондук сотуна ошол паспортту жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди “акылга сыйгыс” деп баалоодо. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтууда. Ал эми мындай жагдайды саясий серепчилер Россия Кыргызстандын бийлик эгелерине «Кулматовду кандай жол менен болсо да бошотосуңар» деген талап койгонун, аргасы кеткен бийлик жарандыгын алып, эптеп өлкөдөн чыгарып берүүгө мажбур экенин божомолдошууда.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: