Menu

Бакыт Төрөбаевди социалдык тармакта «сойкудан» айырмасы жок тура деп сынга алышууда

Бөлүшүү:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Алмазбек Атамбаевге ка-уу кошомат кылды. Төрөбаев жагынуунун ыгын келтире албай жүргөндө, Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп, көктөн издегени жерден табылып, уят, абийирди жыйыштырып коюп, көлдөлөң болуп төшөлдү. Уккан-көргөндөр жерге түкүрдү. Депутат өз сөзүндө: «Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз», – деп бир топту божура-ы. Мындай көшөкөрлөнүп, самындай жылмышкан жоругуна Атамбаев сыным “дары болсун” деп, какшык менен жооп берди.

Кайран Бакыт мырза муну менен эле токтоп калбай: «Бүгүн тарыхый күн. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн 2040-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын өткөрүп берип жатат. Сооронбай Шарипович, сизди жеңишиңиз менен куттуктайбыз»,-деп Жээнбековго дагы жалпактап жиберди. Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоп, Атамбаев менен Жээнбековду кабаттап жамандап, «Курманбек Салиевичти кууп чыгышкан ушулар» – деп жүргөн эргул бүгүн сымаптай мөлтүлдөп, кошоматты кабаттап айтып, жылуу көңүл издегени кызык. Уят, намыс такыр жок тура. Мындан улам Бакыт Төрөбаевди социалдык тармакта «сойкудан» айырмасы жок тура деп сынга алышууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: