Menu

Фото – Республикага COVID-19га каршы кытай вакцинасы келди

Бөлүшүү:

Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасына акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда», – деди Улукбек Марипов жана Кытай Эл Республикасы вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда саналуу өлкөлөрдүн арасында маанилүү ийгиликтерге жетише алгандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана кыргыз-кытай мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.  Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенемин», – деди элчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: