Menu

Фото – Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева “2030-күн тартибинин суу менен байланышкан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу” аттуу жогорку деңгээлдеги жолугушууда сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

18- жана 22-мартта БУУнун штаб-квартирасында «2030-күн тартибинин суу менен байланышкан туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу» аттуу жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты Туруктуу өнүгүү максаттарын, атап айтканда 6-максаты «Таза суу жана санитария» программасын андан ары ишке ашыруу боюнча көп тараптуу диалог жүргүзүү болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага БУУнун жетекчилигинин өкүлдөрү, тактап айтканда, БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын төрагасы Волкан Бозкыр, БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин төрагасы – Пакистандын БУУнун алдындыгы Туруктуу өкүлү Мунир Акрам катышты. Ошондой эле иш-чарада алдын-ала жазылган кайрылуулар форматында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Нидерландынын Премьер-министри Марк Рютте сөз сүйлөштү.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар коронавирус эпидемиясына каршы натыйжалуу күрөшүүнүн маанилүү шарты болгон калктын ичүүчү жана санитардык тазалоо үчүн сууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда БУУнун мүчө мамлекеттери менен БУУнун мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн билдиришти. Ошондой эле айыл чарбасында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн таза энергияны иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө Борбордук Азиядагы жана дүйнөнүн башка аймактарындагы таза суунун негизги булактарынын бири катары мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык аракеттерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, болжолдоолор боюнча, 2100-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөр таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Миргүл Молдоисаева негизги дарыялардын жогорку агымындагы өлкөлөрдөгү мөңгүлөрдү сактоо боюнча долбоорлорду, ошондой эле эл аралык аренада курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерин алдыга жылдыруу боюнча долбоорлорун кыргыз тараптын БУУнун резолюциялары аркылуу колдоп жаткандыгын белгиледи. Ал Сууну натыйжалуу жана туруктуу пайдалануу коронавирус эпидемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп баса белгиледи. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн жана БУУнун мүчө мамлекеттеринин экономикалык өсүшүнө жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу «жашыл» экономикалык моделдерди жайылтуунун маанилүүлүгүн айтты. Өз сөзүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндө Миргүл Молдоисаева эл аралык жана регионалдык демилгелерге маанилүү кошумча катары калктын сууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча улуттук иш-аракеттердин маанилүүлүгүн билдирди. Ал айрыкча Кыргыз Республикасында 2026-жылга чейин калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу системасын өнүктүрүү программасы ишке ашырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: