Menu

Орусиядан 4 жашар кызды өлтүргөн өзбекстандык аял депортацияланат

Бөлүшүү:

Москвада 4 жаштагы кызды өлтүргөндөн кийин психиатриялык ооруканага түшкөн самарканддык Гүлчехра Бобокулова Орусиядан депортациялант.

Маалыматка караганда, Орусиянын Ички иштер министрлиги анын Орусия Федерацияда жашоосу ылайыксыз экени тууралуу чечим кабыл алган. Бобокулова дарыланып бүткөндөн кийин Орусиядан чыгарылат.

Бобокулова 2016-жылы 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Ал бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн.

Ошол эле жылы 24-ноябрда Москванын Хорошевский райондук соту анын психикалык жактан оорулуу катары таанып, кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Келин жасаган ишин мойнуна алып, “Аллах буйрук бергенин” билдирген. Мындан соң Гүлчехра Бобокулова Казандагы психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: