Бүгүн, 24-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, областтык борборлордо өтүп жатат. Бул тууралуу КР БИМ басма сөз кызматы билдирди.
Ага жалпысынан экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1 988 мектеп окуучусу катышууда.
Олимпиадалык тапшырмаларды КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтчү жерлерге атайын окутулган лидерлер жана администраторлор барышкан.
Олимпиаданы уюштурууга жоопкерчилик Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына, ошондой эле областтык билим берүү институттарына жана методтикалык борборлорго жүктөлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ