Menu

Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү тарабынан сунушталган 2021-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Аймактык өнүктүрүү агенттигинин директору Бактияр Салиевдин айтымында, ушу тапта өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок кирет. «Биз чек ара аймагындагы калктын жашоосуна ыӊгайлуу шарт түзүп берип, ички миграция агымын азайтышыбыз керек. Ансыз чек ара көйгөйүнүн биржаӊсыл чечилиши кыйын. Азыр алардын тизмеси улам толукталууда. Мурда ал тизмеге 59 айыл киргизилсе, быйыл алардын саны 81ге жетти», – деди ал.

Андан тышкары, өлкө аймагындагы өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын өнүктүрүү каржылоо маселеси да оӊ чечиле баштаганы белгилүү болду. Мисалы, бул багытта 2020-жылы 115 млн сом өлчөмүндөгү каражат жумшалса, 2021-жылга 100 млн сом, 2022-жылга 150 млн сом, 2023-жылга 200 млн сом, ал эми 2024-жылга 250 млн сом кароо чаралары мерчемделүүдө. Баяндамачы, бюджеттин каражаты жетиштүү болсо, каржылоо маселеси мындан да жакшыра турганын кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө өкмөт өкүлдөрүнө өгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесин дагы дыкат иликтеп чыгуу, программада каралган иш-чараларды өз маалында каржылоо, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо чараларын тездетүү, чек ара аймактарында жайгашкан жайыттардын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү жаатында сунуштамалар берилди.

Белгилей кетек, өгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине Баткен облусунан 61 айыл, Жалал-Абад облусунан 14 айыл, Ысык-Көл облусунан 4 айыл, Ош облусунан 1 айыл, Талас облусунан 1 айыл кирген. Бул аймакта 155 миӊден ашуун адам жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: