Menu

Кубатбек Кожоналиев, юстициянын генералы: “Эгер тез арада тийиштүү чаралар көрүлбөсө, ишеним кетет…”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?

– Президент Сооронбай Жээнбеков туура багыт алды: коррупцияга каршы күрөшкөн укук коргоо, көзөмөлдөө органдарын тазалоо керектигин айтып, тартип сакчылары өздөрү да ошол жемкорлукка малынып жатканын белгиледи. Бирок, андай фактылар президентте болгону менен чара көрүлбөстүгү коомчулукту таңгалдырды: чечкиндүү күрөш дал ошондой коррупцияга аралашкан кызматкерлердиен башталышы керектигин коомчулук күтүүдө… Эгер тез арада тийиштүү чаралар көрүлбөсө, анда ишеним кетет. Кошуна Өзбекстанда президент Ш.Мирзиеев бул тармакта кандай иш-чараларды колдонгонун ММК аркылуу биздин да эл көрүп турат. Мисалы, мурда кол тийгис болгон прокуратура органдарын, сот, атайын кызматын сындоо менен кандай реформалоо жасап жатканын интернет булактары аркылуу биздин окурман маал маалы менен кабар алып жатат. Бизге да ошондой өзгөрүүлөр келе турган убакыт келди.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: