Самаркандда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери Хишрав кыштагына жакын көлмөдө табылган толтура эшектин эттерин жана сөөктөрүн өрттөштү. Учурда укук коргоо органдары эмне максат менен эшектер жапырт түрдө союлганын иликтөөдө.
Эшектердин көрүстөнүнө айланган көлмө туурасында жергиликтүү көз карандысыз журналисттердин бири Ташпулат Рахматуллаев жазып чыккан. Ошол замат бийлик малдын сөөгүнө толгон аймакты тазалоого киришкен:
– Макаланы 6-декабрь күнү жарыкка чыгардым. Эртеси эле ал жерге жумушчу топ барды. 8-декабрда Самарканд облусунун акими укук коргоо органдары менен чогулуш өткөрүп, күнөөлүүлөрдү таап, эшек көрүстөнүн жок кылууга көрсөтмө берди. Андан соң көлмөгө 50-60тай адис келип, төрт метр тереңдиктеги орго эшектин эттерин жана сөөктөрүн ыргытып, өрттөп жана дезинфекциялык жумуштарды жүргүзүштү, – деди Ташпулат Рахматуллаев.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Эшекти союууга шектелген адамдар сурак берүүдө.
Учурда эшектин эттери жергиликтүү зоопарк үчүн союлганбы же Самарканддагы коомдук тамактануу жайларына жөнөтүлүп турганбы, белгисиз. Бирок облуста зоопарктын жок экендиги дагы коомчулукту дүрбөлөңгө салууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ