Menu

“Таза Коом” долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маселе “Майкрасофт” жана “Ассеко” компанияларынын өкүлдөрү менен биргеликте талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 30-октябрда, “Майкрасофт” жана “Ассеко” компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты арыялады.

Жолугушууда “Таза Коом” улуттук долбоорун биргелешип ишке ашыруу иш-чаралары талкууланды.

Премьер-министр, бүгүнкү күндө санариптик экономикага өтүүнү камтыган “Таза коом” улуттук долбоорун  Өкмөт активдүү жүзөгө ашырып жатканын өзгөчө белгиледи.

Сапар Исаков бул мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмүн көбөйтөөрүн, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырып, мамлекеттик органдарда тобокелчилик көрүнүштөрүнүн пайда болуусун алдын ала эскертерин баса белгиледи.

Андан тышкары Өкмөт башчы бир нече долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн  чет өлкөлүк ири компаниялар тартыларын айтып, алардын бири – санариптик медицинага өтүү долбоору экендигин белгилеп өттү.

Сапар Исаков жогоруда белгиленген долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу үчүн “Майкрасофт” жа “Ассеко” компанияларын тыгыз кызматташууга чакырды.

Орто Азиядагы “Ассеко” компаниясынын өкүлү Станислав Бузала Өкмөт башчысына ыраазычылык билдирип, “Ассеко” компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө автоматизациялоо жаатында зор тажрыйбасы бар экендигин маалымдады.

Ал Чыгыш Европа өлкөлөрүндө компания жүзөгө ашырган долбоолор жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жогоруда белгиленген  долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Майкрасофт” жана “Ассеко” компаниялары менен кызматташуу маселесин изилдөө тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: