Menu

Бердымухамедовдун уулу бороондон зыянга учураган аймакка барды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусундагы катуу бороондон бир нече күн өткөндөн кийин президенттин уулу Сердар Бердымухамедов аймакка бир күндүн сапары менен барды.

Жакында эле дароо үч кызматка дайындалган Сердар Бердымухамедов 22-мартта Лебап облусунун борбору Түркмөнабад шаарында болду.

«Жергиликтүү аткаминерлер мамлекет башчынын уулун президенттин өзү келгендей тосуп алышты. Аэропорттон келген жол, шаардагы көптөгөн көчөлөр толук жабылды», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, Сердар Бердымухамедов шаардын бороондон зыянга учураган райондоруна барбастан, өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ачылышы керек болгон «Ак Ой» комплексинин курулушу менен таанышты.

Андан соң президенттин уулу облустун Керки районуна барды. Буга чейин ал жерде жаңы аэропорт курулуп жатканы, аны да Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бүткөрүү пландалганы кабарланган.

Мындан тышкар Сердар Бердымухамедов сапарынын алкагында Чаржев районуна барды. 19-марттагы катуу шамалдан бул райондогу бир нече айыл зыянга учураган. Бирок мамлекет башчынын уулу 25-мартта ачылышы керек болгон жаңы күнөскананын курулушу менен таанышып, кайра Ашхабадга учуп кетти.

Ал ортодо «Эркин Европанын» түркмөн кызматынын кабарчылары 19-марттагы бороондон бир киши каза болгонун ырасташты. 35 жаштагы жергиликтуү тургунду чатыр басып калып, дароо жан берген.

Түркмөнстандын бийлиги жана мамлекеттик маалымат каражаттары кеминде бир кишинин өмүрүн алган аймактагы жаратылыш кырсыгы тууралуу үндөбөй келишет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: