Menu

Казакстанда коронавирус бир суткада миңден ашык кишиден аныкталды

Бөлүшүү:

Казакстанда өткөн суткада 1088 киши коронавирус жуктурганы лабораториялык жол менен аныкталды.

Мындан тышкары 15 кишиге «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлду. Булар ПЧР тести таза чыгып, бирок коронавирустун белгилери болгон жарандар.

COVID-19дун жаңы катталган учурлары боюнча Алматы алдыда. Өлкөнүн ири калаасы эсептелген бул шаарда 380 жаңы учур катталды. Экинчи орунда 152 учур менен Нур-Султан шаары турат.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандар 235 095ке жетип, 2 941 бейтап каза болду. Бул статистикага «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлган жарандар киргизилген эмес,казак бийлиги 1-августтан тартып аларды өзүнчө эсептей баштаган. Ага ылайык, 50 146 киши «ковид типтүү пневмонияга» кабылып, алардын 667си көз жумду.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: