Menu

Улукбек Марипов: “Биз биргелешкен күч-аракет аркылуу өз-ара товар жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин жеткире алабыз”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү, ошондой эле соода процедурасын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Эки мамлекеттин башчысы тарабынан жетишилген макулдашуулар акыркы жылдары чечилбей келе жаткан эки тараптуу маселелерди чечүүгө түрткү болооруна ишенем. Кыргыз Республикасы үчүн Өзбекстан Республикасы менен жакын коңшулук жана бардык тармактарда өз-ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биздин мамлекеттердин башчылары акыркы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жакынкы жылдары өз-ара товар жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү милдетин коюшту. Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктү эске алуу менен биз жакынкы мезгилде биргелешкен күч-аракет аркылуу аталган көрсөткүчкө жетише алабыз деп ишенем», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, өткөн 2020-жыл бардык өлкөлөр үчүн татаал болду, коронавирус инфекциясынын пандемиясы көптөгөн мамлекеттердин планына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карбастан, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн күч-аракетине жараша, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү кыскарбастан, өткөн жылга салыштырмалуу 10%га жогорулады. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын экономикасынын артыкчылыктарын максималдуу пайдалануу менен катар бардык тармактарда соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ниеттенүүдө», – деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөт башчылары эки өлкө Президенттери тарабынан жетишилген мурдагы келишимдерди ишке ашыруу тууралуу макулдашты. Мындан тышкары, тараптар темир жол транзиттик жүк ташуулар жаатында, өзбек тараптын Кыргыз Республикасына жеңилдетилген негизде жогорку түшүмдүү буудай үрөнүн жана пахта үрөнүн ташуусу боюнча  оңдуу макулдашууларга жетишти. Буга катар өзбек тарап жакынкы арада акысыз негизде 10 миң мөмө-жемиш көчөтүн берүүгө даярдыгын билдирди, ошондой эле Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз ташуу тууралуу келишим бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: