Кыргызстан Ворух анклавын Лейлек же Баткен аймактарындагы жер тилкелери менен алмашууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
«Бизде талаштуу маселе – бул Ворух анклавы. Анклавдын аймагы 12 миң гектардын тегерегинде. Биз 12 миң гектар жерди Лейлек же Баткен райондорундагы башка жерлеринен берүүгө даярбыз. Кайсы жерди берсек болот деп, тажик тарапка тизме берип койгонбуз. Бирок, азыркыга чейин тажик тараптан жооп келе элек», – деди Камчыбек Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ