Menu

Тиллерсон: «Батыш Орусия менен жемиштүү мамилелерди каалайт»

Бөлүшүү:

Орусия «шайлоо жараяндарына кийлигишип жана демократиялык эмес идеяларды колдоо менен коңшуларына карата агрессивдүү аракеттерин улантып жатат». Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 28-ноябрда Вашингтондогу программалык билдирүүсүндө айтты.

Теллерсон Батыш Орусия менен жаңы жемиштүү мамилелерди каалай турганын, бирок азырынча ал «ишке ашпачудай» болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Украинадагы жаңжал жөнгө салынмайынча, Вашингтон менен Москванын алакасын жакшыртууга мүмкүн эмес.

Рекс Тиллерсон Москва менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө боло турган тармактар бар экенин билдирип, алар Сирияда «Ислам мамлекетине» каршы күрөшүү жана ооган көйгөйүн чечүү экенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: