Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, бүгүн, 30-ноябрда, КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соту уюштурган “Борбордук Азия боюнча бейтарап сот институттарынын өнүгүү келечеги” боюнча мааракелик эл аралык конференциясына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун 15 жылдыгына арналган.
“Жакында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин төртүнчү отуруму болуп, анда 2040-жылга чейинки өлкөнү өңүктүрүү боюнча долбоор каралды. Анын негизги приоритети болуп, Кыргызстанда бизнести колдоо жана өнүктүрүү багыты турат” –деди Д. Кенекеев.
Ошондой эле, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан “Жаңы доорго- кырк кадам” орто мөөнөттү программасы ишке ашып жатканын айтып, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгиледи.
“Биринчи багыты-“Таза-Коом” Улуттук программасы бизнес жана мамлекеттик органдардын мамилелерин санариптештирүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды алып, бюрократия жана коррупция элементтерин түп тамыры менен жоюу. Экинчи багыты- “Биз -бизнес менен” деп аталып, анда жаңы гана негизделип жаткан бизнес менен катар иштеп жаткан инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү” – деди Д.Кенекеев.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жарандык укук мамилелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүдө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту сыяктуу арбитраждык институттардын өзгөчө ордун белгилеп кетти.
“Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту негизделгенден бери 800 ашык экономикалык талаш тартыштар каралып, арыздарда талап кылынган сумма 77 миллион АКШ доллардан ашкан”, -деди Д. Кенекеев.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соту өлкөдөгү экономикалык талаштарды көзкарандысыз арбиртлар менен ыкчам жана сапаттуу чечилишин камсыз кылган бейтарап институттардын катарына кирет
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ