Menu

Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезд каттамы 22-мартта башталат

Бөлүшүү:

Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд быйыл 22-марттан тартып каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгат да, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды “Өзбек темир жолу” ишканасы жүргүзөт.

2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, ал да аткарылган эмес. Маалыматка караганда, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.

Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: