Menu

Камчыбек Ташиев: “Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди, мындан ары талаш-тартыштар болбойт”

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек чек арасы маселеси 100% чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар өтө оор маселелерди карап чечишти.

Биз өтө оор маселелерди карадык. Азыр талаштуу жерлер жок, маселе 100 пайыз чечилди. Кыргызстан эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 8 миң гектар жерди алды”, – деп билдирди.

Камчыбек Ташиев мындан кийин чек арасы маселеси боюнча талаш-тартыштар болбой турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: